УКМК коррупцияга шектелген үч кызматкерин кармаганын маалымдады
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) иштеген үч кызматкер коррупцияга шек саналып кармалды. Бул тууралуу атайын кызмат 10-апрелде кабарлады.
Маалыматка ылайык, кызматкерлер коопсуздук системасын тазалоо, коррупцияга каршы күрөшүү, мекеменин ишинин ачыктыгын жогорулатуу саясаты боюнча иш-чара алкагында кармалышты.
Бул иш-чара кызмат абалынан пайдаланууга жол бербөө, бизнес менен коомчулуктун кызыкчылыгын коргоого багытталып, коррупциялык көрүнүштөргө жана ишкерликке мыйзамсыз басым жасоого аралашкан кызматкерлерди аныктоону көздөй турганы белгиленди.
Мунун алкагында УКМКнын үч кызматкерине каршы Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси менен кылмыш иши козголгон.
"Иликтөө иштерин жүргүзүүдө УКМКнын кызматкерлери ишкерлерден такай акча чогултуп келген фактылар аныкталды", - деп билдирди атайын кызмат.
Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, 9-апрель күнү А.К., А.А.Б. жана К.Д.К. аттуу кызматкерлер кармалып, коопсуздук кызматынын тергөө абагына киргизилди.
Булардан тышкары ишканаларды мыйзамсыз текшергени үчүн С.У.Ж., О.Г.И. жана К.У.Н. аттуу мамлекеттик кызматкерлер да кармалганы кабарланды. Бирок алар кайсы мамлекеттик органда иштегени ачыкталган жок.
Маалыматта ошондой эле мурунку убактарда мыйзамсыз иштери үчүн жумуштан алынган кызматкерлерди кайра ишке алууга тыюу салуучу чаралар көрүлүп жатканы да айтылды. УКМКнын беделине шек келтирүүчү иш жасаган кызматкерлерди аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу уланып жатканы белгиленди.
Кармалгандардын жакындары же адвокаттары азырынча комментарий бере элек.
Башкы прокурор Максат Асаналиев Жогорку Кеңеште УКМКнын кызматкерлеринин үстүнөн 386 арыз каралып жатканын билдирген. Анын айтуусунда, коопсуздук комитетинин мурдагы кызматкерлеринин мыйзамсыз жана коррупциялык иштерине байланыштуу Аскер прокуратурасы 18 кылмыш ишин козгоп, тергеп жатат.
Президент Садыр Жапаров 10-февралда Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагалыгынан бошоткон. Ошондон кийин УКМКнын бир катар кызматкерлери кармалып, иштен алынды. Алардын көпчүлүгүнө Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюлду.(ZKo)