Кара-Суу районунда жетим балдарга үй курууга жер тилкелери берилди
Кара-Суу райондук прокуратурасынын кийлигишүүсү менен тоголок жетим балдарга мыйзамдуу жер тилкеси берилди.
Башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы 9-апрелде кабарлагандай, үч жетим баланын мыйзамдуу укуктары сакталбай, жер тилкелери берилбей жатканы аныкталган.
Жыйынтыгында райондун Кеңсай, Тельман жана Ак-Жар айылдарынан ар бир балага турак жай куруу үчүн 6 сотыхтан жер тилкелери бөлүнүп берилди.
Балдар кодексинин 13-беренеси жана Турак жай кодексинин 43-беренеси боюнча жетим балдар 16 жашка чыкканда үй менен кезексиз камсыз болууга укуктуу. Бирок мындай укугун балдар үйлөрүнүн жана интернаттардын бүтүрүүчүлөрүнүн 5% гана билерин 2021-жылы жүргүзүлгөн сурамжылоо көрсөткөн.
Өлкөдөгү 138 интернат, балдар үйлөрүндө 12 миңден ашуун бала тарбияланууда. Жыл сайын мындай мекемелерден 400-500дөй бүтүрүүчү чыгат.
Балдар үйүндө же интернатта тарбияланган балдарды кийин өз турак жайы менен камсыз кылуу милдетин мамлекет толук аткарбай жатканы тууралуу маселе байма-бай көтөрүлүп келет.
Балдар үйүнөн чыккан жетим балдарды турак жай менен камсыздоо маселесин президент Садыр Жапаров бир нече ирет айткан.
Томолой жетим балдардын өнүгүүсү үчүн "Келечекке салым" аттуу мамлекеттик балдар депозити киргизbлген. Ага ылайык, томолой жетим балдардын ар бирине эсеп ачылып, алардын ден соолугун, турак жай шарттарын жакшыртуу жана билим алуу укуктарын камсыз кылуу үчүн 18 жашка толгондо 500 миң сомдон акча каражаты берилет.(ZKo)