Бир аптада жол эрежесин бузган 28 миңден ашуун айдоочу аныкталды
Соңку бир аптада жол эрежесин бузган 28 255 миңден ашуун айдоочу аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы 6-апрелде кабарлады. Анын ичинен мас абалында унаа башкарган 560 айдоочу, ылдамдыкты ашырып айдаган 3100дөн ашуун, тийиштүү документтери жок унаа башкарган 3159 айдоочу аныкталды. Мындан сырткары терезесин уруксатсыз караңгылаткан, жөө жүргүнчүлөр катышкан, ылдамдыктан ашкан учурлар катталды. Мындан улам 4320 автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулду.
Бул ирет профилактикалык иш-чаралар Бишкек–Ош жана Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолдорунда өткөрүлдү.
Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 2025-жылы 8 456 жол кырсыгы болуп, андан 900 киши каза тапты. Дагы 12 миң 169 адам ар кандай жараат алды. Кырсыктарга автоунааны катуу айдоо, каршы тилкеге чыгуу, ичимдик ичип алып рулга отуруу жана айрым автожолдордун талапка жооп бербегени негизги себеп экени айтылып келет.(КЕ)