5-апрелдин аба ырайы: Кар көчкү коркунучу сакталат
8-апрелге чейинки күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана күндүн ысышына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу жолдордо жана ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
5-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөп, тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Тоолуу райондорунда кар жаайт, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 18…23
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 14…19
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9…14, күндүз 16…21
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 18…23
Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 17…22
Бишкек шаарында мезгил мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12°, күндүз 19…21° болот.