29-марттын аба ырайы: Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында жаан жаайт
2-апрелге чейинки күндүн ысышына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу жолдорунда жана ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
29-мартта түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолорунда кар жаайт.
Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндуз 19…24
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11…16, күндүз 18…23
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 13…18
Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 13…18
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7°, күндүз 22…24° болот.