Ишкер Абдыкеримов "Томми мол" соода борбору боюнча президентке кайрылды
Бир нече жылдан бери чет өлкөдө жашап келе жаткан ишкер Шаршенбек Абдыкеримов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кайрылды.
Ал 28-мартта жарыялаган кайрылуусунда мурда "Аю Гранд Комфорт" жана "Томми мол" деген эки соода борборунун ээси болгонун, кийин алардын бири - "Аю Гранд Комфортту" мамлекетке алып, Соцфондго бекитип берүү чечими адилеттүү болгонун айтты.
"Мен мурда кетирген каталарым үчүн жоопкерчиликти мойнума алам жана муну адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө кошкон салымым катары карайм. Бүгүнкү күндө объект иштеп жатат, ал эми ижара акысынан түшкөн киреше Социалдык фондго түшүп, пенсионерлерибизге чыныгы колдоо көрсөтүп жатат", - деп жазды Абдыкеримов.
Ишкер ошол эле учурда кызынын атынан аталган "Томми мол" соода борборуна тынчсызданып жатканын билдирди.
Абдыкеримов бул объект төмөн баада - үч-төрт бөлмөлүү батирдин наркында бааланып, жыйынтыгында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы башчысы Камчыбек Ташиевдин жубайынын айланасындагы адамдарга өтүп кеткенин маалымдады.
Президенттен аталган объект боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга ар тараптуу, калыс жана ачык-айкын иликтеп, укуктук баа берүүнү тапшыруусун өтүндү жана кандай гана чечим болбосун, кабыл алууга даяр экенин билдирди.
УКМК былтыр сентябрда Абдыкеримовго таандык жалпы баасы 10 млрд сомдон ашык бир катар ири соода-оюн-зоок борборлору жана өнөр жай объектилери мамлекетке алынганын билдирген. Атайын кызмат “Аю Холдинг” узак убакыт бою милдеттүү салыктарды, социалдык жана башка төлөмдөрдү төлөөдөн качып, мүлкүнүн бир бөлүгүн өзүнө байланышы бар жактарга каттатып, мыйзамсыз кирешени адалдоо үчүн мамлекеттик органдарга жасалма финансылык отчетторду тапшырып турганы аныкталганын кабарлаган. Өткөрүлгөн мүлктүн арасында Бишкек шаарынын Токтогул №126 дарегинде жайгашкан коммерциялык имарат бар. Анын баасы 95 млн сомдон ашык деп бааланган. 4 млрд сомдон көп акчага бааланган “Аю Гранд” соода борбору да мамлекетке алынган. Ысык-Көлдөгү коттеждер жана бир катар имараттар да болгон.
Президент Садыр Жапаров 2023-жылы “Аю” компаниясынын спирт жана арак заводу мамлекетке өтүп жатканын маалымдаган. Президент ишкана мамлекетке салыкты толук төлөбөй, жасалма акциздер менен иштеп келгенин айткан.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев ошол кезде ишкана өз ыктыяры менен мамлекетке өткөрүлгөнүн айткан. Андан бери УКМК “Аюнун” бир нече мүлкү өкмөткө кайтарылганын кабарлаган.
Абдыкеримовдун бүгүнкү билдирүүсүндө аты аталган Камчыбек Ташиевдин жакындары комментарий же маалымат бере элек.
"Томми мол" соода борбору Бишкектин түштүк тарабында, Түштүк магистралдын боюнда жайгашкан үч кабаттан турган имарат. Ал 2021-жылы ачылган. Ичинде түрдүү дүкөндөр, кеңселер, балдар ойной турган аянтчалар, тамактануу жайлары жайгашкан.
Кыргызстанда "Аю Холдинг" ири компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримов Фейсбуктагы баракчасына бир аптадан бери ачык билдирүүлөрдү жарыялай баштады. Буга чейин коомчулукка дээрлик жабык болгон, бир канча жылдан бери сыртта жүргөн, эл арасында "Шаки" деген кыска ат менен таанылган ишкер анда өзүнүн башынан өткөргөн негизги саясий окуяларды, бизнесинен кантип кол жууганын тизмектеп жазган. Ал УКМКнын Бишкек башкармалыгынын мурдагы жетекчиси, учурда камакта отурган Элдар Жакыпбековдун айыптаган. Абдыкеримов ошондой эле бир катар саясатчылар тууралуу да сөз кылган. (ZKo)