25-марттын аба ырайы: Айрым аймактарда жаан жаайт
28-мартка чейинки аралыкта Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу жолдорунда, ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.25-мартта түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз жалпы өлкө аймагында жаан-чачын жаабайт.
Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрден, күндүз Чүй облусунун чыгыш тарабында 15-20 метрге жетет. Ысык-Көл облусунда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, түнкүсүн 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 17…22
Талас өрөөнүндө түнкүсун 0…5, күндүз 15…20
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 12…17
Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 7…12
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрден, күндүз 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 4…6°, күндүз 20…22° жылуу болот.