Германия согушка каршы пикирин билдирген орусиялык активисттерди депортациялай баштады
Германиянын бийлиги орусиялык ЛГБТ жана согушка каршы чыгып келген активисттерди, Кремль "жагымсыз" жана "террордук" деп атап келген качкындарды, мекенинде камоо коркунучу күтүп турган бардык жарандарды Белград жана Ереван аркылуу депортациялай баштады. Бул тууралуу "Эхо" басылмасына бул иштер менен алектенген укук коргоочулар маалымдашкан.
Алардын айтымында, мурда немис аткаминерлерин жарандарды мекенине же аларды кабыл алууга даяр өлкөгө гана жибере алат деген эреже токтотуп келген.
2023-жылы расмий маалыматтар боюнча Орусияга 7 адам депортацияланган, 2024-жылы 32ден ашуун орусиялык чыгарылган. 2025-жылкы депортация боюнча толук маалымат жок, бирок басылма Германия бийлиги былтыр мурунку жылга караганда кыйла көп орусиялыкты өлкөдөн чыгарганын тастыктады. "Эхонун" суроосуна Германиянын Тышкы иштер министрлиги жана Ички иштер министрлиги жооп берген эмес.
2025-жылы Германия чет жакка 22 787 адамды депортациялаган, бул 2024-жылга караганда 13,5% көп. Булардын ичинен 2 297 киши Түркияга, 1690 адам Грузияга (алардын ичинде 2019-жылы Берлинде өлтүрүлгөн чечен согушкери Зелимхан Загошвилинин бир тууганынын үй-бүлөсү да бар. Аны өлтүргөн Вадим Красиковду Орусия өкмөтү саясий туткундарга алмаштырган) чыгарылган. Ооганстанга былтыр 83 адам, Иранга 18 киши чыгарылган. Былтыр, "Эхо" жазгандай, 2011-жылдан бери алгачкы жолу Германиядан Сириянын жараны депортацияланды.
Укук коргоочулар жана мигранттар "Эхого" документ берүүдөн баш тартылгандан кийин өз ыктыяры менен кетүү эрежелери да катаалдашканын айтышты.
Мыйзам боюнча мекенинде же үчүнчү өлкөдө өмүрүнө коркунуч, кыйноо жана ырайымсыз мамиле күтүп турган адамды депортациялоого мүмкүн эмес. Бирок немис бийлиги согушка каршы маанайдагы орусиялыктардын тобокелчилигин Орусия бийлигинин расмий билдирүүлөрүнө карап баалай баштаганын укук коргоочулар белгилөөдө.
10-февралда Европарламент башпаанек сурагандарды депортациялоону "коопсуз үчүнчү өлкө" түшүнүгүн киргизүү менен жөнөкөйлөткөн. Эми Евробиримдиктеги ар бир өлкө "коопсуз үчүнчү өлкөлөрдү" аныктап, алар менен келишим түзүп, ошондой эле башпаанек сурагандарды ал жакка эч качан барбаса дагы депортациялай алат.