12-марттын аба ырайы: Айрым жерлерде кар жаайт
12-мартта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз жаан-чачын жаабайт.
Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, түнкүсүн Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй жана Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -8…-13, күндүз -3…+2
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4…-9, күндүз 3…8
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…5
Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндуз 0…-5
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -11…-13°, күндүз -1°…+1° болот.