Катарда калып кеткен 134 жаран Кыргызстанга 8-мартта кайтат
Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушунан улам Катарда круиздик лайнерде калып калган кыргызстандыктар Сауд Арабиясына жолго чыгышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов 7-мартта Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Катардын борбору Доха шаарынан 134 кыргызстандык Эр-Риядга төрт автобус менен жолго чыкты. Алар 8-март күнү Эр-Рияддан Кыргызстанга учуп келишет.
“Уюштуруу, чек аралардан жарандарды алып өтүүнү сүйлөшүү иштерин бул өлкөлөрдөгү элчиликтерибиз, Тышкы иштер министрлиги жүргүзүүдө, - деп жазды Алагөзов.
Ал Бириккен Араб Эмирликтеринен буга чейин эки каттам менен 260 кыргызстандык алынып келгенин, Жакынкы Чыгыштагы мекендештерди алып келүү президент Садыр Жапаровдун көзөмөлүндө экенин кошумчалады.
Эвакуациялоо иштеринин алкагында буга чейин Сауд Арабиясынан жана Омандан да жарандар Кыргызстанга жеткирилген.
Тышкы иштер министрлиги учурда кырдаал курчуп турган Перс булуңунда 22 миңге жакын кыргызстандык бар экенин 2-мартта кабарлаган.
Анын ичинен 10 миңге жакын кыргызстандык Бириккен Араб Эмирликтеринде. Катарда 800дөй, Сауд Арабиясында 5 миңден ашуун (умра зыяратына баргандар жана миң киши ал жакта туруктуу жашагандар) жана Израилде 100гө жакын кыргыз жараны бар деп айтылган. Мындан тышкары Кувейт, Бахрейн жана Иорданияда жүргөндөр миңге чукул экени маалымдалган.
ТИМ Бириккен Араб Эмирликтеринде жүргөн кыргызстандыктарга коопсуздук чараларын күчөтүп, соңку окуялар боюнча жергиликтүү бийликтин расмий билдирүүлөрүнө жана такталган маалыматтарга гана ишенүүгө чакырган.
АКШ менен Израилдин Иранга каршы биргелешкен согуштук операциясы 28-февралда башталган. Иран ага жооп катары Израилди эле эмес, чөлкөмдөгү бир катар өлкөлөрдүн аймактарына абадан сокку урган. Аткылоолор эки тараптан тең улам катталууда.