Ирандын БУУдагы өкүлү бир аптада 1300дөн ашык жайкын тургун каза болгонун билдирди
АКШ менен Израилдин Иранга каршы операциясында бир апта ичинде 1332 жайкын тургун каза болгонун Ирандын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү Амир Саид Иравани айтып чыкты. Би-Би-Си жазгандай, Иравани Ирандагы Кызыл Ай коомунун маалыматы боюнча каза болгондордун арасында аялдар жана балдар да бар экенин билдирди.
“Дагы миңдеген киши жараат алды жана алардын саны улам өсүүдө”, - деген ирандык өкүл мектептер, оорукана жана башка жарандык инфраструктура “максаттуу бута катары тандалганын” белгиледи. АКШ менен Израил жарандарга жана аларга тиешелүү инфраструктурага сокку урганын четке каккан.
Ал чабуулдардан жыйырмадан ашык мектеп жана 13 медициналык мекеме зыян тартканын белгилеп, БУУга мүчө өлкөлөрдү АКШ менен Израилдин “агрессиясын” айыптоого чакырды.
Израилдин армиясы 7-мартта Ирандан ракеталардын коё берилгени такталганын билдирди. Маалыматта ракетага каршы коргонуу системасы аларды атып түшүрүү үчүн иштеп жатканы жазылган.
Израилдин бир нече аймагында жашоочулардын телефондоруна эскертүүлөр келип, баш калкалоочу жайга кирүүгө чакырган.
Анын алдында AFP басылмасы 7-мартка караган түнү Тегеранга урулган соккудан кийинки сүрөттөрдү жарыялап, эл аралык “Мехрабад” аэропорту бутага алынганын жазды. Бул жай АКШ менен Израилдин операциясы жаңы башталган маалда эле соккуга кабылган.