Израил Тегеранга каршы аба чабуулдардын "жаңы толкунун" баштады
Маалымат каражаттарынын жазгандарына жана социалдык тармактардагы билдирүүлөргө караганда, 6-мартка караган түнү Ирандын баш калаасы Тегеран катуу бомбалоого туш болду. Калаа тургундарынын айтымында, бул соңку бир жумадан берки эң ири аба чабуул болуп калды.
Социалдык тармактарда тараган сүрөттөргө ылайык, соккулар өзгөчө Тегерандын борбордук бөлүктөрүнө жана негизги мамлекеттик имараттардын айланасына урулган.
Шаардын борборунан тышкары чыгыш жана батыш райондоруна да соккулар жасалганы тууралуу маалыматтар тарады.
Күбөлөр согуштук учактарды көргөнүн же аларды укканын айтууда.
Айрымдар жардыруулардан улам үйлөр титиреп, сокку болгон жерлерге жакын аймактарда электр жарыгы убактылуу өчүп калганын да билдиришти.
Мунун алдында Израил армиясынын Башкы штабынын жетекчиси Иранга каршы аскердик операция жаңы баскычка өткөнүн билдирген.
Ошондой эле АКШнын бир катар расмий өкүлдөрү, анын ичинде коргоо министри Пит Хегсет, жакынкы күндөрү соккулардын күчү дагы өсүшү мүмкүн экенин эскертишкен.
Америка менен Израил Ирандагы аба чабуулдарын 28-февралда башташкан. Ошол эле күнкү соккуларда Ирандын жогорку руханий лидери Али Хаменеи жок кылынган. Аны менен бирге жогорку даражалуу расмий адамдар да өлтүрүлгөн.
Иран бийлиги буга жооп кылып Перс булуңундагы бир катар мамлекеттерди аскердик базаларды жана башка инфраструктураны абадан аткылай баштады.