Байсалов Кытайдын өкүлдөрү менен жаңы өндүрүш ишканаларын түзүү маселесин талкуулады
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кытайдын Шаньдун провинциясы менен Кыргызстанда өндүрүш ишканаларын түзүүнү талкуулады. Бул тууралуу 1-мартта Цзиндань шаарында провинциянын Коммунисттик партиясынын катчысы Линь У менен жолугушкан учурда көтөрүлдү.
Кыргыз өкмөтү маалымдагандай, жолугушууда тараптар эки өлкө ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү белгилеп, аймактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүүнү сүйлөшкөн.
Байсалов жана орто бизнести колдоо үчүн Кыргызстанда жаңы өндүрүш ишканаларын түзүү маселелерин көтөргөн.
“Бүгүнкү күндө өлкө жетекчилиги тарабынан өндүрүштүн жаңы технологияларын массалык түрдө ишке киргизүү, экспортко багытталган өнөр жай ишканаларын ачуу, жаштарыбыз үчүн жаңы жумуш орундарын түзүү милдети коюлган. Учурда Кыргызстандын Министрлер Кабинети бул жаатта бир катар жаңы мамлекеттик программаларды иштеп чыгууда жана Кытай Эл Республикасы менен тажрыйбаны жана практикалык кызматташууну активдүү колдонууга ниеттенүүдө”, - деди Байсалов.
Линь У ар тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө, өнөр жай тармагында камсыздоо боюнча жаңы демилгелерди баштоого даяр экенин билдирди.
Иш сапардын алкагында кыргыз делегациясы провинциядагы бир нече алдыңкы машина куруу ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышты.
Кыргызстанга келген туристтердин саны боюнча кытайлыктар Өзбекстан, Казакстан жана Орусиядан кийинки төртүнчү орунда турат. Расмий статистикага танясак, 2023-жылы 70 миң 842 кытай жараны Кыргызстандын аймагына турист катары кирген. 2024-жылы бул көрсөткүч 81% өсүп, 127 миң 956 кишиге жеткен. 2025-жылдын маалыматы азырынча белгисиз.
Соңку жылдары Кытай Кыргызстандын эң ири экономикалык өнөктөшүнө айланды. Өлкөдө ишке ашып жаткан ири долбоорлордун дээрлик көпчүлүгү ушул өлкөнүн катышуусу менен ишке ашып келет. Алардын арасында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан баш болгон ири инфратүзүмдүк долбоорлор бар.