Дубай аэропорту ишин убактылуу токтотту, компаниялар аймактын аба мейкиндигинен учпай калышты
Дубай жана Ал-Мактумдагы эл аралык аэропорттөр өз ишин убактылуу токтотконун дубайлык аба майдандардын сайты жазды. Эки жай тең жүргүнчүлөргө аэропортторго барбай турууну жана кошумча маалыматты авиакомпаниялардан алып турууну эскертишти.
Дүйнөдөгү эң көп жүргүнчү тейлеген Дубайдын эл аралык аэропортунан Бишкекке да рейстер аткарылат.
"Манас" эл аралык аэропортунун сайтындагы маалыматка караганда, Кыргызстандын башкалаасынан Бириккен Араб Эмирликтеринин Дубайдан тышкары Шаржа шаарына да каттамдар бар.
Буга чейин «Кактус» басылмасы «Манас» аэропортунан каттамдардын бардыгы жадыбалга жараша аткарылып, абалга көз салып жатышат деп кабарлашканын жазган.
Бириккен Араб Эмирликтеринин борбору Абу-Дабиде 28-февралда бир нече жарылуу болгонун Reuters жана AFP маалымат агенттиктери жергиликтүү булактарга таянып жазышты.
Иран ислам революциясынын сакчылар корпусу АКШнын жана Израилдин соңку соккуларына жооп иретинде Бахрейндеги, Катардагы жана Бириккен Араб Эмирликтеринин аймагындагы америкалык базаларга чабуул койгонун билдирип, соккуларын улантарын белгилеген.
Глобалдык авиатрафиктин Flightradar24 сайтындагы маалыматка караганда, көптөгөн компаниялар Жакынкы Чыгыштын аба мейкиндигинен учкан рейстерин токтотту.