Италиянын абактарында төрт кыргызстандык жазасын өтөп жатат
Италиянын жаза өтөө жайларында төрт кыргызстандык соттолуп, камакка алынган. Бул тууралуу башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин 23-февралдагы жыйынында билдирди.
Анын айтымында, төрт кыргызстандык миграциялык мыйзамдарды бузганы үчүн сот жообуна тартылган. Мындан тышкары бир жаран эл аралык издөөдө жүрүп, Италиядан кармалган. Учурда аны Кыргызстанга экстрадициялоо жараяны жүрүүдө.
Отурумда Италия менен Кыргызстандын ортосунда кылмыш иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү боюнча келишимди ратификациялоо долбоору каралды.
2024-жылдын 4-октябрында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Италияга расмий сапарынын алкагында кылмыш-жаза чөйрөсүндө кызматташуу боюнча үч келишимге кол коюлган. Документтерде кылмышкерлерди, соттолгондорду өткөрүп берүү жана кылмыш иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү каралган.
“Тажрыйба көрсөткөндөй, кылмыш иштери боюнча укуктук жардам көрсөтүү маселелерине так, алдын ала аныкталган жана туруктуу келишимдик механизмдердин болушу тергөө иштеринин ыкчамдыгын жана натыйжалуулугун жогорулатат. Ошондой эле жарандардын укуктарынын корголушун камсыз кылат”, - деди Коңкубаева.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Италияда 2800дөн ашык кыргызстандык жашайт. Консулдук кызматтардын берген маалыматы боюнча алардын саны 5 миңге чукул. Алардын ичинен 500дөйү билим алып жаткан студенттер.