Зомбулукка кабылган Асел Ногойбаеванын кулагына кезектеги операция жасалды
Мурдагы күйөөсүнөн кордук көрүп, кулак-мурду кесилген Асел Ногойбаеванын кулагына операция жасалды. Бул тууралуу ал Инстаграмдагы өзүнүн баракчасы аркылуу өткөн апта соңунда кабарлады.
Асел Ногойбаева операция Москвада жасалганын "Азаттыкка" билдирди. Анын сөзүнө караганда, кулагына буга чейин ондон ашык операция жасалган.
Мурдараак кыргызстандык дарыгерлер Ногойбаевага бир нече этап менен операция жасалышы керектигин билдиришкен.
2023-жылы 20-сентябрда Чүйдүн Селекция айылында мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кескилеп салган 36 жаштагы Асел Ногойбаева кабылган окуя коомчулуктун үрөйүн учурган. Асел буга чейин зомбулук көрүп, милицияга бир нече жолу кайрылган. Кийин ага беш жолу коргоо ордери берилип, райондук сот пробация менен шектүүнү чыгарганы белгилүү болгон.
Сокулук райондук сотунун судьясы Кыялбек Токтомаматов Эстебесовду окуя болгонго чейин “Зордуктоо” беренеси менен айыптуу деп таап, бирок пробациялык жаза чегерип койгону аныкталган. Чуулгандуу ишти караган сот кызматтан алынып, апелляциялык арызды караган үч судьяга сөгүш берилген.
26-январда Чүй облусунун Сокулук райондук соту Асел Ногойбаевага зомбулук көрсөткөн Азамат Эстебесовду 20 жылга абакка кескен. Жабырлануучуга 2 млн сом төлөп берүүгө милдеттендирген.
2025-жылы 23-январда Кыргызстанда зордуктоого айыпталгандарга козголгон кылмыш иши кыскарбай турган мыйзам күчүнө кирди. Мыйзамга ылайык, оор кылмыштар болгондо (анын ичинде зордуктоо фактысы боюнча) тараптардын жарашып алуусу кылмыш ишин жана тергөөнү токтото албайт. (ZКo)