УКМК улуттук коопсуздук органдарынын ишин каралоо аракети болуп жатканын билдирди
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) акыркы кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу айрым кызыкдар күчтөрдүн улуттук коопсуздук органдарынын ишмердигин каралоого багытталган аракеттери байкалып жатканын кабарлады.
Атайын кызмат бул жарандардын мамлекеттик институттарга болгон ишенимин солгундатуу аракети экенин, УКМКнын кызматкерлери Кыргызстандын жогорку башкы кол башчысына (ред: президентке) баш ийе турганын билдирди.
Мекеме улуттук коопсуздук органдары мыйзамдуулук, объективдүүлүк жана коомчулук алдындагы жоопкерчилик принциптерин жетекчиликке алып, өлкөнүн Конституциясынын жана мыйзамдарынын алкагында так иш алып барарын кошумчалады. УКМКнын негизги артыкчылыгы - улуттук коопсуздукту камсыз кылуу, конституциялык түзүлүштү, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, терроризмге жана экстремизмге, коррупцияга жана башка коркунучтарга каршы туруу экени айтылат.
“Ар кандай суроолор жана кооптонуулар мыйзам чегинде, фактыларга жана текшерилген маалыматтарга таянып гана чечилиши керек деп эсептейбиз. Мамлекеттик органдардын кадыр-баркына далил келтирбестен доо кетирүү аракеттери конкреттүү бир мекемеге гана эмес, коомдогу жалпы ишеним деңгээлине да зыян келтирет”, - деп айтылат маалыматта.
УКМК коомчулуктун айрым өкүлдөрүн, жалпыга маалымдоо каражаттарын жана жогорку кызматтагы кээ бир адамдарды УКМКнын кызматкерлерине катуу сын айтуудан алыс болууга чакырды.
Атайын кызмат ишмердигине байланыштуу конкреттүү кандай маалыматтар тарап жатканы тууралуу мисалдарды келтирген жок.
10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотту. Андан тышкары орун басарларын да жумуштан алып, ордуна жаңыларын дайындады.
Германияда дарыланып жаткан Камчыбек Ташиев 11-февралда аны кызматтан алуу боюнча Садыр Жапаровдун чечими күтүүсүз болгонун билдирди.
Президенттин бир топ жылдан берки саясаттагы үзөңгүлөшү Камчыбек Ташиевдин кызматтан алынышы коомчулукта кызуу талкууну жаратып, ар кандай пикирлер айтылууда. (BTo)