Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу кызматтан кетти
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу кызматтан кетти. Ал парламенттин 12-февралдагы жыйынында борбордук трибунада сөз сүйлөп, Кыргызстандагы акыркы окуялар тууралуу комментарий берди. Эч ким басым кылбагынын, өз эрки менен кызматтан кеткенин айтты.
“Мени эки же бир адамга байлаган туура эмес. Кудайга шүгүр 2022-жылы 5-октябрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышына төрага болуп шайлангам. Ошол күндөн ушул күнгө чейин аракетимди парламенттин кадыр-баркын арттырууга, кыргыз элине, келечегине маанилүү мыйзамдарды, маанилүү чечимдерди кабыл алууга салымымды коштум. Кыргызстанда туруктуулук, башкысы саясий туруктуулуктун негизинде өсүп-өнүгүүлөр болуп атат. Буга Садыр Нургожоевич баштаган команданын, ошондой эле кыргыз парламентинин салымы чоң”, - деди ал.
Нурланбек Тургунбек уулу былтыр парламенттик шайлоодо № 15 округдан депутат болуп шайланып келип, 2025-жылдын 17-декабрында Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын төрагасы болгон. Эми депутат катары ишин уланта берет.
Ал Жогорку Кеңештин VII чакырылышына Аксы шайлоо округунан шайланып келип, 2022-жылы 5-декабрда да Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланган.
Нурланбек Тургунбек уулу 2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин бийликтен куулган мурдагы президент Курманбек Бакиевдин басма сөз катчысы, кеңешчиси болуп иштеген.
2010-жылдын декабрында маданият жана маалымат министри болуп дайындалып, бул кызматта бир жыл эмгектенген. Мындан тышкары бир нече гезит, телеканалдарды жетектеген.
10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотту. Андан тышкары орун басарларын да жумуштан алып, ордуна жаңыларын дайындады.
Германияда дарыланып жаткан Камчыбек Ташиев 11-февралда аны кызматтан алуу боюнча Садыр Жапаровдун чечими күтүүсүз болгонун билдирди. (BTo)