Пезешкиан Иран эл аралык инспекторлорду кабыл алууга даяр экенин билдирди
Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Тегерандын өзөктүк программасы тынч максатты көздөгөнүн далилдөө үчүн эл аралык текшерүүчүлөрдү "кабыл алууга даяр" деп билдирди.
Ислам революциясынын 47 жылдыгына арналган салатантта ал Иран “атомдук курал чыгарууну көздөбөгөнүн” белгиледи.
Майрам өкмөткө каршы толкундоолордо күч түзүмдөрүнүн колунан бир нече миң киши набыт болгондон кийинки шартта өтүп жатат.
Кан төгүлсө чара көрүлөрүн, Иранга чабуул коюларын эскертип келген АКШнын президенти Дональд Трамп Перс булуңуна кошумча аскерлерди жөнөткөн.
6-февралда Оманда өткөн эки тараптуу тикелей эмес сүйлөшүүлөрдөн кийин Вашингтон Ирандын мунай тармагына салынган санкцияларды кеңейткен. Сүйлөшүүлөрдүн улантылары кабарланганы менен так датасы айтыла элек.
11-февралда Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Вашингтондо Трамп менен кездешүүдө аймактагы кырдаалды талкуулаганы жатат.
Премьердин кеңсеси тараткан билдирүүгө караганда, ал Тегеран менен сүйлөшүүлөргө Ирандын атомдук программасы гана эмес, баллистикалык ракеталары жана Ливан, Ирак, Йемендиги согушкер топторго колдоо көрсөтүүсү да камтылышы керек деп эсептейт.