Маркум Эгизбаевдин апасы уулунун өлүмү боюнча Мунарбек Сайпидиновдун айткандарын териштирүүнү суранды
Иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаевдин өлүмү боюнча мурдагы бажычы Раимбек Матраимовдун өкүл баласы Мунарбек Сайпидиновдун айткандарына укуктук баа берилиши керек. Бул тууралуу маркум журналисттин энеси Жыпар Сариева Улан Эгизбаев атындагы журналисттик иликтөөлөр сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо маалында билдирди.
Анын айтымында, Сайпидинов уулунун өлүмүнө байланыштуу маалыматы бар экенин айткандан бери ал укук коргоо органдарынын иликтөөсүнүн жыйынтыгын күтүп келген. Бирок бул билдирүү тууралуу эч кандай жылыш болбогондуктан Жыпар Сариева өлкө бийлигине кайрылып, Сайпидиновдун айткандарын териштирүүгө чакырды.
“Сайпидиновдун Уландын өлүмү тууралуу айткандары чын чыкса, ал айтылышы керек, эгер жалган болсо мыйзамдын чегинде жазага тартылсын”, - деди Сариева.
Мунарбек Сайпидинов 6-августта социалдык тармактардагы баракчасына видео кайрылуу жарыялап, Орусиянын Новосибирск шаарында кармалганын, мунун артында “Райымбек Матраимов турарын” айткан. Ошондой эле “Айэркен Саймаитинин жана журналист Улан Эгизбаевдин өлүмүнө байланыштуу айрым фактыларды” билерин жарыялаган.
Райымбек Матраимов жана анын адвокаттары менен жакындары бул дооматтар боюнча үн ката элек.
Мунарбек Сайпидинов (мурдагы фамилиясы Раимбеков) Кара-Суудагы Савай айыл өкмөтүн 2016-жылдан 2020-жылга чейин жетектеген. 2020-жылы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын тизмесинде 126-талапкер болуп катышкан. Ал Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, коррупцияга байланыштуу сот жообуна тартылган Райымбек Матраимовдун өкүл баласы.
2021-жылдын 11-январында Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен сотко чейинки башталган териштирүү ишинин алкагында кармалган.
Ош шаардык соту 13-январда Мунарбек Сайпидиновдун бөгөт чарасын карап, анын туруктуу жашаган жери барын, мамлекетке келтирилген 1 млн 33 миң 700 сомдук материалдык зыянды толугу менен төлөп бергенин жана үй-бүлөлүк абалын эске алып, аны 11-мартка чейинки мөөнөткө үй камагына чыгарган. Шектүү сот залынан бошотулган.
Кийин Ош шаардык соту жаза мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу Мунарбек Сайпидиновго козголгон кылмыш ишин кыскартканы маалым болгон.