Министрлик МИК салып жаткан үйдөгү мүчүлүштүктөр жоюлганын билдирди
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги Мамлекеттик ипотекалык компания Каракол шаарында куруп жаткан көп кабаттуу үйдөгү мүчүлүштүктөр тууралуу комментарий берди.
Мекеменин маалыматында турак жай шаардын Тоголок Молдо жана Кусеин Карасаев көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жатат. Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ысык-Көл региондук башкармалыгы текшерүү жүргүзүп, курулуш талаптарына жооп бербеген газоблоктор буздурулду. Дубал курулуш ченемдери жана техникалык талаптарга ылайык калыбына келтирилди.
Бул факты боюнча подрядчы ишканага мыйзам чегинде тиешелүү көрсөтмөлөр берилгени айтылды.
10-февралда социалдык тармактарда Мамлекеттик ипотекалык компания куруп жаткан үйлөрдүн биринде чет өлкөлүк жумушчу газоблокту туура коюп, курулуш талаптарын бузуп жатканы тууралуу видео тараган. Бул мамлекет салып жаткан турак жайлардын сапаты боюнча маселени козгоду.
Ушул тапта Мамлекеттик ипотекалык компания Кыргызстан боюнча бир катар кабат үйлөрдү куруп жатат. (BTo)