Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн кыргызстандык жаран АКШда кармалды
АКШнын Иллинойс штатында Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн 47 жаштагы Ы. М. аттуу кыргызстандык жаран кармалды. Ага 2023-жылы Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 1-бөлүгү ("Ири өлчөмдөгү алдамчылык") менен козголгон кылмыш ининин негизинде издөө жарыяланганын Кыргызстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) маалымдады.
Министрликтин маалыматына караганда шектүү АКШнын Ички коопсуздук министрлиги жана Иллинойс штатынын Баңгизатка каршы күрөшүү департаменти тарабынан кармалган.
Маалыматта айтылгандай, Ы.М. мунай сатуучу ишканалардын биринин жетекчиси А.Ч. аттуу жаран менен алдын ала сүйлөшүп алып, 1 536,5 тонна күйүүчү майды уурдап кеткен. Жалпы чыгаша 51.7 млн сомду түзгөн.
Учурда кыргыз бийлиги аны өлкөгө экстрадициялоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселесин карап жатат.
Маалыматта ошондой эле АКШда Кыргызстандын өтүнүчү менен кармалган дагы сегиз киши кармоочу жайларда турганы, алардын ичинен үчөө мекенине экстрадицияланганы жазылган.
Буга чейин Интерпол аркылуу эл аралык издөөдө жүргөн бир нече кыргызстандык чет өлкөлөрдө кармалган. Алардын бири - маркум кримтөбөл Рысбек Акматабаевдин жансакчысы, 2007-жылдан бери издөөдө жүргөн Юсуп Юсупов Литвада былтыр августта кармалган.
2025-жылдын январында президент Садыр Жапаровдун мурдагы кеңешчиси Айдар Халиков Молдовада кармалган. Бирок Кишинёв аны Бишкекке өткөрүп берүүдөн баш тарткан. (ZKo)