ЦАХАЛ Газадагы согушта 70 миңдей киши өлгөнүн биринчи жолу ырастады
Израилдин армиясы – ЦАХАЛ Газадагы согушта 70 миңдей киши өлгөнүн биринчи жолу моюндады. Бул тууралуу израилдик маалымат каражаттары куралдуу күчтөрдүн жогорку өкүлдөрүнө шилтеме берип кабарлашты. Буга чейин Улуттар уюму ушундай сандар чындыкка дал келерин билдирип келген.
Израил Газа тилкесинин саламаттыкты сактоо мекемесинин статискасына ишене берчү эмес. Анткени аны АКШ жана Еврошаркет тарабынан террордук деп таанылган ХАМАС радикал уюму жетектейт.
ЦАХАЛдын маалыматына караганда, каза тапкандардын ичинен 25 миң киши согушкерлер болчу. Алар ошондой эле 2024-жылдын башына чейин ХАМАС Израилге аткан ракеталардын мандеми бар болгондуктан 13% анклавдын өзүнө кулап, көптөгөн палестиналык набыт болгонун айтууда. Ошондой эле радикал топ өз оппоненттерин, Израил менен иштешкен деп шектелгендердин көзүн тазалаганы белгиленет. ЦАХАЛ канча карапайым газалык менен хамасчылар каза болгонун тактоонун үстүндө иштеп жатканы кошумчаланды.
Газанын саламаттыкты сактоо мекемеси аймакта бомбалоолордон ажал тапкандардын аты-жөнүн жана курагын жарыялап келет. Ушу тапта 71 миңден көп кишинин өлүмү тууралуу кабарланган. Анын ичинде ок атышуу токтогон былтыркы октябрдан бери окко учкан 480 киши бар. Статистикада канчасы жоочу, канчасы катардагы тургун экени бөлүнүп көрсөтүлгөн эмес.
Маалыматка ылайык, миңдеген кишинин сөөгү урандылардын астында кала берүүдө.
2023-жылы октябрда ХАМАС радикал уюмунун Израилге чабуулунда 1200дөй адам өлүп, 250дөн ашуун киши барымтага алынган. Ошол кол салуудан кийин тутанган огуш эки жылга созулду.
Былтыр октябрда АКШнын ортомчулугу менен жетишилген тынчтык планынын биринчи баскычы күчүнө кирип, экинчиси тууралуу маалымат берилери күтүлүүдө.