17-январдын аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда кар жаайт
17-январда түнкүсүн жана күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаайт, Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын мол жаайт.
Жолдор тонголок, тайгак болот. Айрым жерлерде туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10, күндуз -1…-6
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10, күндуз -1…-6
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4…+1, күндүз -2…+3
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз -1…+4
Нарын облусунда түнкүсүн -16…-21, күндүз -6…-11
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн –6…-8°, күндүз -3…-5° суук болот.