Кинематографисттер союзуна жаңы төрага шайланды
Кыргызстан Кинематографисттер союзунун төрагасы болуп Бусурман Одуракаев шайланды. Аталган союздун төрагасын кайра шайлоо, жаңы мүчөлөрдү кабыл алууга арналган курултай 10-январда өткөн. Бул тууралуу Кинематографисттер союзунан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, курултайдын делегаттары төрагадан тышкары союздун жаңы башкармалыгынын курамын да шайлашты.
Буга чейин Кыргызстан Кинематографисттер союзун Таалайбек Кулмендеев жетектеп келген.
63 жаштагы Бусурман Одуракаев Кыргызстандын Эл артисти, актёр жана кинорежиссер. "Акбаранын көз жашы", "Куш ыйы", "Маңкурт", "Бетме-бет" жана башка ондогон тасмаларда көрүнүктүү ролдорду жараткан. (ZKo)