Жалал-Абадда жоокердин өлүмүнө шектүү жаран эки айга камалды
Аскер бөлүктөгү жоокердин өлүмүнө байланыштуу козголгон кылмыш иштин алкагында шектүү катары кармалган М.М. аттуу аскер эки айга, 5-мартка чейин убактылуу кармоо жайына камалды. Анын бөгөт чарасын Манас шаардык соту карап, ушундай чечим чыгарганын Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз катчысы “Азаттыкка” ырастады.
Буга чейин Аскер прокуратурасы факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренесинин 1-бөлүгү ("Өзүнө кол салууга жеткирүү") менен кылмыш ишин козгогон. Шектүү катары 2006-жылы туулган М.М. аттуу аскер кармалып, Манас шаарындагы убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Бай-Мундуз айылындагы №10 түзөтүү мекемесинде кызмат өтөп жаткан жоокер 5-январда өз жанын кыйганы маалымдалган.
18 жаштагы улан Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана конвой департаментинин батальонунда кызмат өтөп жаткан.
Аталган мекеме тараткан билдирүүгө ылайык, окуя 5-январда болжол менен саат 15:25те болгон. Баштапкы маалыматта жоокер белгисиз себептерден улам табелдик куралы менен өзүн атып, дароо жан бергени кабарланган.
Жоокердин ата-энеси Би-Би-Сиге баласы катуу сабалганын айтып, ал өз жанын өзү кыйды дегенге ишенбей турганын билдиришкен. (КЕ)