Нарын облусунда электр энергиясын керектөө лимити жогорулатылды
Климаттык катаал шартты эске алуу менен Нарын облусунда электр энергиясын керектөөнүн лимити жогорулатылды. Бул тууралуу 9-январда Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, мындай чечим облустун тургундарынын кайрылуусунан кийин кабыл алынды.
Буга чейин белгиленген лимит 189 648 кВт сааттан 264 312 кВт саатка чейин жогорулатылып, электр энергиясы көбүрөөк көлөмдө бериле баштады.
Министрлик “Кыргызкөмүр” ишканасы менен биргеликте калкты көмүр менен камсыз кылуу боюнча туруктуу негизде системалуу иштерди жүргүзүп жатканын кабарлады.
Кыргызстанда ноябрь-декабрь айларында электр энергиясын үнөмдөө аракети бир катар чектөө жана көзөмөл менен коштолгон. Мамлекеттик мекеме, мектептерде кечинде жарык өчүрүлүп, андан соң кафе, ресторандардын иши кечки саат ондон кийин токтошу керек деген талап коюлган. Алтургай ири шаарларда түнкү рейддер жүрүп, Ош шаарынын мэри өзү кафеде отургандарды сыртка чыгарганга чейин барган. Абалга президент да аралашып, Бишкек менен Ош шаарларынын мэрлерин аша чапканы үчүн сындаган. (КЕ)