Түштүк Кореянын мурдагы президенти Юнга өлүм жазасы чегерилиши мүмкүн
Түштүк Кореянын мурдагы президенти Юн Сок Ёль 2024-жылы өлкөдө аскердик абал киргизүү аракетине байланыштуу өлүм жазасына тартылып, же өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Прокуратуранын маалыматына караганда, Юн жана ошол кездеги коргоо министри Ким Ён Хён 2023-жылдын октябрынан тартып эле парламенттин ишин токтотуп, мыйзам чыгаруу ыйгарым укуктарын өз колуна алуу планын иштеп чыга баштаган.
Айыптоочу тарап Юн саясий атаандаштарын, анын ичинде ошол кездеги оппозиция лидери Ли Жэ Мёнду "мамлекетке каршы күчтөр" деп мүнөздөп, аларды кармоону көздөгөнүн айтат.
Ошондой эле Юн жашыруун дрон операциясы аркылуу Түндүк Корея менен чыңалууну күчөтүп, аскердик абал киргизүү үчүн шылтоо издеген деп айыпталууда.
Аскердик абал киргизүү аракети 2024-жылдын 3-декабрында болгон. Ал алты сааттай гана созулганына карабастан бул окуя Азиядагы төртүнчү ири экономика саналган, АКШнын негизги коопсуздук өнөктөшү болгон жана узак убакыт бою аймактагы эң туруктуу демократиялардын бири деп эсептелген Түштүк Корея үчүн олуттуу саясий чуу жараткан.
Анда депутаттар Улуттук ассамблея имаратынын айланасындагы коопсуздук тосмосун бузуп кирип, добуш берүү аркылуу аскердик абалды бир нече сааттын ичинде жокко чыгарышкан.
Андан кийин Юн импичмент жарыялангандан соң кызматтан четтетилип, Конституциялык сот аны расмий түрдө кызматтан алган. Былтыр июнь айында өткөн кезексиз президенттик шайлоодо либералдык көз караштагы Ли Жэ Мён бийликке келген.
Юнга мындан тышкары камакка алуу ордеринин аткарылышына тоскоолдук кылуу жана кызмат абалынан кыянат пайдалануу сыяктуу башка кылмыш иштери да козголгон.
65 жаштагы Юн бардык айыптоолорду четке кагып келет. Консервативдүү көз караштагы, прокуратура органдарындагы бардык кызматтык тепкичтерди басып өткөн Юн президент катары аскердик абал жарыялоого ыйгарым укугу болгонун жана бул кадам өкмөт ишине тоскоолдук кылып жаткан оппозицияга коомчулуктун көңүлүн буруу максатын көздөгөнүн билдирген.
Сот чечимди февраль айында кабыл алары күтүлүүдө.
Өлкөдө 1997-жылдан бери өлүм жазасына эч ким тартыла элек, бирок ал мыйзамдан толук алынган эмес.