Оштун мэри шаарда кыйылып жаткан бак-дарактар чирип калганын айтты
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев калаанын Алымбек датка көчөсүндө кыйылып жаткан бак-дарактар чирип калганын айтты. Ал 9-январда сөз болуп жаткан көчөдөгү ирригациялык инфраструктураны өнүктүрүү ишин текшерүү учурунда кыйылган бак-дарактардын ордуна көчөттөр отургузуларын билдирди.
“Эл бак-дарактарды кыйып жатат деп туура эмес түшүнбөшү керек. Чиригендерин алып, жаңыларын отургузабыз да. Бүт баары тең чирип, жарабай калган”, - деди ал.
Ушул тапта Алымбек датка көчөсүндөгү 500 даракты кыюу иштери жүрүп жатат. Ош мэриясы 2025-жылы ушул эле көчөдөгү 1000ден ашык даракты кыйган. Шаар бийлиги алардын ордуна 1500 көчөт тигилгенин кабарлады.
Былтыр Ош шаардык кеңеши ооруга чалдыккан, картайып калган деген негизде муниципалитетке борбордук көчөлөрдөгү 4000ге жакын бак-даракты кыюуга уруксат берген. Ош шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатынын эсебинде шаарда 100 миңге жакын бак-дарак бар.
Оштогу жарандык активист Гүлгаакы Мамасалиева дарактардын кыйылышын сынга алып, чириген дарактар жаңы отургузулган көчөттөр бой тирегенден кийин гана кыйылышы керектигин айтып келет.
Ушундай эле маселе Бишкек шаарында да бар. Борбор калаанын бийлиги 2025-жылдын январь-август айларында эле 2 миңдей бак-дарак кыйылганын кабарлаган. Экологдор Бишкек баштаган ири шаарларда жашыл аймак, бак-дарактар жылдан жылга азайып баратканын айтып, мунун кесепети оор болорун эскертип келишет. (BTo)