Султанбековдун жакындары ал 27-декабрдан бери айып изоляторунда отурганын билдиришти
“Социал-демократтар” партиясынын камакта жаткан лидери Темирлан Султанбековдун карындашы Каныкей Султанбекова бир тууганы эч кандай шарты жок айып изоляторунда камалып турганын “Азаттыкка” билдирди. Султанбекованын сөзүнө караганда, агасы ал жакка 27-декабрда киргизилген.
“Ошондо эле адвокат жолукканы кирип, Темирлан сыз, муздак бетондо жатып, китеп окуй албай, буту-колун бүгүп жатууга аргасыз болуп жатканын айтып чыккан. Байкем ошондон бери эле айып изоляторунда отурат”, - деди Каныкей Султанбекова.
Ал бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына да жазып, агасы экинчи жылы Жаңы жылды камакта тосууга мажбур болгонун белгилеген.
Темирлан Султанбеков 27-декабрда айып изоляторуна киргизилгенин адвокаты Нурбек Токтакунов билдирген. Ал тергөө абагындагы Темирлан Султанбеков акыйкатчы менен жолукканда ага бардык укук бузуулар тууралуу даттанганын белгилеген.
Жаза аткаруу кызматы бул дооматтар тууралуу азырынча комментарий бере элек.
Бишкектеги №1 тергөө абагында камалып жаткан Темирлан Султанбеков буга чейин тергөө абагынын кызматкерлери тарабынан басым-кысымга кабылып жатканын адвокаты жана жакындары айтып чыгышкан. Алар Акыйкатчыга да кайрылып, Султанбековдун коопсуздугун камсыздап берүүсүн өтүнүшкөн.
Темирлан Султанбеков быйыл 22-ноябрда “бийликти басып алууга” жана “массалык башаламандыкка” айыптап кармаган бир топ кишинин арасында болгон. Алардын жакындары мындай кинени четке кагышкан.(ZKo)