Байсалов: "Парламенттик демократияны" катуу сындап жүрөм
Кыргызстандын Улуу Британиядагы ыйгарым укуктуу элчиси Эдил Байсалов конституциялык кеңешмеге эмнеге мүчө болгону, азыркы Баш мыйзамдын кемчилиги эмнеде экени тууралуу “Азаттыкка” маек курду. Демократиялык баалуулуктар үчүн күрөшүп келген саясатчы Эдил Байсалов мурдагы президенттер А.Акаев менен К.Бакиевди бийликтен кубалоонун айынан өлкө соңку жылдары артка кеткенин белгиледи.