14-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат
14-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда маал-маалы менен жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда маал-маалы менен жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 11…16,
Талас жергесинде түнкүсүн 3…8, күндүз 11…16,
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 6…11, күндүз 12…17,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 11…16,
Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 10…15,
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…5 градус болот.
Бишкек шаарында маал-маалы менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10, күндүз 14…16 градус болот.