Каракол шаардык кеңешинин депутаты кесиптеши сабаганын айтып, УКМКга арыз жазды
Каракол шаардык кеңешинин депутаты, "Табылга" партиясынын мүчөсү Азамат Айтбаев кесиптеши, КСДПнын мүчөсү Тууганбек Чолпонбаевге каршы УКМКнын Ысык-Көл облустук башкармалыгына арыз жазды. Аталган мекеме арыз бирдиктүү ресстерге катталганын 26-февралда билдирди.
Азамат Айтбаевдин "Азаттыкка" айтканына караганда 25-февралда аны депутат Тууганбек Чолпонбаев сабап салган:
"Шаардык кеңештин сессиясында Каракол шаар мэринин былтыркы иши тууралуу отчетун укканбыз. Аягында мен кесиптештеримди мэрдин отчетун жактырууга чакырып, сөз сүйлөгөм. Мени 18 депутат колдоп, мэрдин отчету кабыл алынды. Ошол замат эле Чолпонбаев мени залдан чакырып чыгып, коңшу бөлмөгө алып кирип алып, шапалак менен кулак түпкө сокту. Эшикти жаап алып, дагы бир нече жолу бети-башыма уруп, ичиме сокту. Ал мени "мэрдин отчетун өткөрбөш керек эле, сен неге саботаж кылып жатасың?" деп соккулап жатты. Сабап туруп эле кайра "жүрү эшикке" деп, сыртка чыкканда кайра кучактап кечирим сурады", - деди Азамат Айтбаев.
Азамат Айтбаев таяк жеген күнү дароо соттук-медициналык экспертизадан өтүп, УКМКнын облустук башкармалыгына арыз менен кайрылганын билдирди.
Каракол шаардык кеңешинин депутаты Тууганбек Чолпонбаев Азамат Айтпаевдин дооматын төгүндөп, "кол көтөргөн эмесмин, жөн эле туруп сүйлөшкөм" деп билдирди.
Каракол шаардык кеңешинде "Табылга", КСДП, "Кыргызстан", "Республика-Ата-Журт", "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиялары жалпысынан 37 мандатка ээ. Көпчүлүк мандат "Табылга" (12), КСДП (6) партияларына таандык.
Каракол шаардык кеңешине келерки шайлоо 12-апрелде болот. (ZKo/KS)