Разаков: Тажикстанга жерлерди алмашууну сунуштадык
Маалыматка караганда, чек ара маселесине байланыштуу акыркы убакта эки өлкөнүн өкүлдөрү 20 жолу жолугушкан. Техникалык топтун ишинин акыркы маалыматтары боюнча, 134 ири масштабдагы топографиялык карта даярдалды, дагы 4-5ти даярдоо керек.
- Тажик тарапка жерлерди алмашуу боюнча ар кандай варианттарды сунуштап жатабыз. Алар карап жатат. Азыркы учурда бир тилке боюнча «негизи биз макулбуз» деп айтышууда. Кайсы жерден, канча аймак алмашыш керек ал жөнүндө так жообун айтыша элек, - деди Разаков.
14-январда кыргыз-тажик делегациялары чек ара аймагында жолугушат. Кыргызстандын делегациясын Жеңиш Разаков жетектеп барат.
Президент Сооронбай Жээнбеков 13-январда күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен чек арадагы абал боюнча кеңешме өткөрдү. Анда президент коңшу өлкөлөр менен чек ара кызматташтыгын күчөтүү жана чек арага жакын жайгашкан райондордун тургундарынын коопсуздугун камсыз кылуу керектигин айтты.
10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында чыр чыкты. Бул чатактан соң эки тарап бири-бирин айыптаган билдирүү жасашты. (BTo)