Словакия: журналистти өлтүрүүгө катышкан адам 15 жылга кесилди
42 жаштагы Золтан Андруско коюлган айыпты мойнуна алды.
Коррупцияга каршы иликтөөлөрү менен белгилүү журналистти жана анын сүйлөшкөн кызы Марина Куснированы баш калаа Братиславанын четиндеги үйүндө 2018-жылдын февраль айында атып кетишкен. Экөө тең 27 жашта болчу.
Аларды өлтүрүүгө шектелген беш адамдын арасында бай ишкер Мариан Кочнер дагы бар. Төртөөнүн иши Пезинок шаардык сотунда 16-январда каралат.