Венгрия Дунайдагы кырсыкка байланыштуу украиналык капитанга айып койду
Венгриянын прокуратурасы майдын этегинде Дунайда болгон кырсык үчүн күнөөлүү деген украиналык капитанга айып койду. Ал айдап бараткан круиздик лайнер Будапештте чакан туристтик кемени сүзгөн. Кырсыкта 25 түштүк кореялык турист, кеменин капитаны жана жардамчысы каза болгон. Бир кишинин дайыны азыркыга чейин белгисиз.
Прокурор «ал кеменин көпүрө алдынан биринчи болуп өтүүгө укугу бар болчу, бирок лайнердин капитаны аны өткөрбөй койгон» деген бүтүмгө келди.
64 жаштагы Юрий.С. деген капитандын адвокаттары ал трагедияга абдан капаланганын, бирок күнөөсү жок экенин буга чейин айтып келишкен. Капитан сотто айыптуу деп табылса, 11 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.