Атамбаевдин үйүнө куралчан күч кызматтары келди
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө атайын даярдыктагы куралчан күч кызматкерлери жүрөт. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мурдагы Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп жатканын ырастады. Журналист Мирбек Айтикеевдин "Фейсбуктагы" түз эфиринен куралдын атылган үнү дагы угулду. Айрым маалыматтарда бир канча кишиге желим ок тийген. Атамбаев азырынча үйүндө экени кабарланууда. Мурдагы президенттин Кой-Таштагы үйүнө атайын күчтөр келгенин КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева да жазды.