Пенсия талашы, соода согушу
Орусияда Мамлекеттик дума аялдардын пенсия курагын 60 жашка чейин гана көтөрүүнү караган өзгөртүүнү колдоду. Пенсиялык реформага каршы нааразылык митингдери эми токтойбу? Өкмөт келтирген демографиялык негиздемелер канчалык орундуу? Орусиялык пенсионерлерди жашоо-турмушу кандай? АКШ менен Кытайдын соода эрегиши же “согушу” улам жаңы баскычка чыгууда. Бул талаш глобалдык экономикалык өсүштү жайлатып, иш орундарын кыскартат деген кооптонуулар канчалык жүйөлүү?