Баткенде жыл башынан бери тогуз өспүрүм сууга чөгүп каза тапты
Баткенде жыл башынан бери тогуз өспүрүм сууга чөгүп каза тапты. Бул тууралуу «Азаттыкка» облустук милиция кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, Кадамжайдан төрт, Лейлектен үч жана Баткен районунан эки факт катталган.
Учурда милициянын аймактык ыйгарым өкүлдөрү жана өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери жайкы мезгилде жер-жерлердеги бассейн, көлмө иштеткен жарандарга түшүндүрүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүүдө.
Ички иштер кызматкерлери балдардын сууга чөгүп каза болушунун ар бир учуруна ата-эненин кайдыгерлиги себеп болорун аныкташкан.
Ал эми жалпы Кыргызстан боюнча быйыл башынан бери сууга агып жана чөгүп 45 адам каза болду. (MdN)