Италиянын президенти өкмөт башчылыкка саясатта тажрыйбасы жок юристти алып келди
Италияда жаңы премьер министр дайындалды. Өлкөнүн президенти Серджо Маттарелла өкмөттүн башчысы кызматына юрист Жузеппе Контени сунуштады. Анын талапкерлигин парламентте көпчүлүк коалициядагы “Лига” партиясы жана “Беш жылдыз” кыймылы көрсөттү.
Эми жаңы премьер-министр өзүнүн министрлер кабинетин курап, парламенттин ишеним вотумун алышы керек. Президент менен жолугушкандан кийин Жузеппе Конте Италиянын кызыкчылыгын Евробиримдиктин институттарында коргоого убада берди. Конте кесипкой адвокат, буга чейин саясатка аралашкан эмес жана парламентке да жакындаган эмес.
Италияда эки айдан бери өкмөт куралбай жатат. 4-марттагы парламенттик шайлоодо эч бир партия жеңишке жетишкен эмес. Анда мурдагы премьер-министр Сильвио Берлускони кирген оңчул коалиция, «Беш жылдыз» кыймылы жана социал-демократтар көбүрөөк орун алган. (ErN)