Бишкекте аялдардын футбол турнири өтүп жатат
Турнирди 8-март майрамга жана Аялдардын эл аралык футбол күнүнө карата Улуттар Уюмунун маңзат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы Кыргызстандын футбол федерациясы менен чогуу өткөрүүдө. Мелдештин ачылышы 8-мартта Бишкектеги борбордук стадиондо өттү. Улуттар Уюмунун маңзат жана кылмыштуулук башкармалыгынын Кыргызстандагы кеңсесинин өкүлү Вера Ткаченко сөз сүйлөп, аялдардын эркиндигин жана укугун кеңейтүү БУУнун негизги милдеттери экенин белгиледи:
- Биз учурда эркектер басымдуулук кылган коомдо жашап жатабыз. Бул мамлекеттик органдарда, жеке ишкерликте жана эл аралык уюмдарга да тиешелүү. Ошондуктан аялдардын тең укуктуулугун сактоо негизги маселе. БУУнун негизги жоболорунун бири - экономикалык, социалдык, саясий маселелер дагы аялдардын катышысыз жүргүзүлүүгө тийиш эмес.
Вера Ткаченко аялдардын укугун жана эркиндигин кеңейтүүдө спорттун да салымы чоң экенин, спорт кылмыштуулуктун, маңзаттын жана зомбулуктун алдын алуучу негизги курал болорун белгилеп, футболчу кыздарга ийгилик каалады.
Кыздар арасындагы футбол турнирине Бишкек, Кара-Балта шаарларынан, Кайыңды жана Беловодск айылдарынан 8 команда катышууда. Мелдеш 8-9-март күндөрү болот.(ZKo)