Исламабадда делегациялар "бетме-бет" сүйлөшүп жатканын Ак үй билдирди
Исламабадда АКШнын, Ирандын жана Пакистандын делегациялары бир бөлмөдө "бетме-бет" сүйлөшүп жатканын Ак үйдүн өкүлү билдирди.
Буга чейин сүйлөшүүлөрдүн бир нече айлампасы өтүп, анда делегациялар эки башка отуруп, ортомчулар тараптарга маалымат жеткирип турган. Исламабаддагы сүйлөшүү кандай форматта болору алдын ала белгисиз эле.
Бул 1979-жылдагы Ислам революциясынан берки Вашингтон менен Тегеран ортосундагы эң жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүдөн жана 2015-жылкы Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимге жетишилгенден берки эки тараптын ортосундагы биринчи расмий сүйлөшүүлөр болуп калмакчы.
Пакистан баш калаасындагы жолугушуу Израил менен АКШ Иранга каршы аскердик операция баштаган маалда өтүп жатат. АКШнын лидери Дональд Трамп анын башкы максаты Тегерандын өзөктүк куралга ээ болушуна жол бербөө экенин айткан.
Иран жооп чара иретинде Перс булуңундагы америкалык аскер базалары жайгашкан өлкөлөргө жана Израилге сокку уруп, Ормуз кысыгын жаап салды.