Судьялар кеңеши Аламүдүн райондук сотунун судьясын жоопкерчиликке тартууга уруксат берди
Судьялар кеңеши 27-мартта Башкы прокуратуранын Ош облусунун административдик сотунун төрагасын (С.Д.С.) кылмыш жоопкерчилигине тартуу өтүнүчүн четке кагып, президент Садыр Жапаровго сотту мөөнөтүнөн мурда кызматтан бошотуу сунушун берди.
Маалыматка ылайык, башкы прокурор Максат Асаналиев аны Кылмыш-жаза кодексинин үч беренеси – “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”, “Кызматтык жасалмачылык” жана “Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу” менен жоопко тартууга уруксат берүүнү сураган.
Башкы прокуратура андан тышкары Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьясын (Ж.Ш.Б.) да кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат сурап, Судьялар кеңеши макулдук берди. Ага “Алдамчылык” беренеси менен айып коюлду. Аны да кызматтан алуу сунушу президентке жөнөтүлдү.
Жакында эле Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Чүй облустук сотунда коррупциялык схема аныкталганын, ага Аламүдүн райондук сотунун судьясынын да (Ж.Ш.Б.) тиешеси бар экенин билдирген. Анын жакындары менен адвокаты комментарий бере элек. (BTo)