Иран АКШнын тынчтык планын четке какты
Иран АКШнын тынчтык планына кескин жооп кайтарып, ашыкча шарт коюлганын жана Тегеран согушту өзү каалаган учурда, талаптары аткарылганда гана токтоторун билдирди. Бул тууралуу мамлекеттик Press TV телеканалы кабарлады.
Мунун алдында Вашингтон пакистандык ортомчулар аркылуу Тегеранга планын тапшырганы маалымдалган.
Документте америкалык расмий өкүлдөр соңку күндөрдө айтып келаткан негизги талаптар камтылган. Ага ылайык, Иран уран байытуудан жана өзөктүк курал чыгаруудан баш тартууга, баллистикалык ракета программасын токтотууга жана Ормуз кысыгын ачууга тийиш. Бул үчүн АКШ санкцияларды алып салары убада кылынган.
Иран баллистикалык ракета чыгаруу программасын өнүктүрүүгө укуктуу жана 28-февралда башталган согуштун чордонуна айланган Ормуз кысыгы анын көзөмөлүндө экенин белгилеген.
Тегеран ошондой эле Кошмо Штаттардан Перс булуңундагы аскердик базаларын жабууну, уруштагы кыйроолор үчүн кенемте төлөөнү жана болочокто коопсуздук кепилдиктерин берүүнү талап кылды.
Бир күн мурун АКШнын президенти Дональд Трамп Вашингтон согушту токтотуу үчүн “Ирандагы керектүү кишилер менен сүйлөшүү жүргүзүп жатканын” жана ирандык “жогорку өкүл” менен “жемиштүү” сүйлөшүү болгонун билдирген.
Иран парламентинин спикери жана башка аткаминерлер АКШ менен сүйлөшүү болгону тууралуу маалыматты четке кагышкан. Ошол эле учурда америкалык маалымат каражаттары тараптар ортомчулардын жардамы менен байланышкан деп болжолдошот.
Мунун алдында Рейтер жана Ал-Жазира сыяктуу бир катар маалымат каражаттары аты аталбаган булактарга таянуу менен АКШ 15 пункттан турган тынчтык планын ирандык расмий адамдарга тапшырганын кабарлашкан.
Документтин мазмуну тууралуу айтылган эмес. Буга чейин бул жараянга Түркия аралашканы, тынчтык сүйлөшүүлөрү Анкарада же Исламабадда өтүшү мүмкүн деп айтылып келген.
Айрым кабарларга караганда, планда ок атууну бир айга токтотуп, ал аралыкта тараптар согушка чекит коюу жолдорун талкуулай турганы айтылган.
Тынчтык сүйлөшүүлөрүнө арачы түшүү ниетин билдирген Пакистандын коопсуздук кызматынын жогорку жетекчилеринин бири Ирандын тышкы иштер министри менен байланышканын жана расмий жооп күтүп жатышканын билдирген.
Батыш Тегеран атомдук курал жасоонун үстүнөн иштеп жатканын айтып келатат. Ислам жумурияты бул чөйрөдөгү программасы тынч максаттарды көздөгөнүн кайталап жүрөт.
Израил менен АКШ 28-февралда Иранга каршы чабуул баштаганда ал өлкөнүн өзөктүк дараметин азайтууну да көздөшкөнүн билдиришкен.