Жапаров: Министрликке сунушталган он талапкердин тогузу таза эмес болуп чыкты
Президент Садыр Жапаров келечекте мамлекеттик ишке кызматкерлерди бекитүү кадрлардын жерлигине эмес, билимине карай тандаларын айтты. Мамлекет башчы бул тууралуу 11-мартта Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө билдирди.
Жапаров учурда "Акылман" мектебинде тарбияланып жаткан балдарды мисал келтирди:
"Келечекте кадрлар кимдир бирөөгө туугандыгы, жерлигине карап дайындалбайт. Билимдүү, илимдүү, тажрыйбалуу менежер деген принциптер менен кызматка алына баштайт. Отуз жылдан бери биз түндүк-түштүк болуп бөлүнүп келгенбиз, Кудай буйруса алдыдагы 15-20 жылда бул маселе жоголот".
Садыр Жапаров өзгөчө кырдаалдар министрин дайындоодо татыктуу кадр таба албай кыйналганын да кошумчалады:
"Бир эле мисал, кечээ өзгөчө кырдаалдар министрлигине он талапкер сунуштасам, тогузун коррупционер деп чыгышты. Аны сунуштасаң деле "ал бул ишке аралашкан, бул схемщик, бул андай, тиги тигиндей" деп. Айттым, "таза кадр барбы, Кыргызстанда калганбы?" дедим. Биз - мен дагы, силер дагы элге убада берип, шайланып келгенбиз, таза иштейбиз, келечекти түзөбүз, коррупцияны жок кылабыз деген антыбызды ишке ашырышыбыз керек".
Мамлекет башчы дүйнөдөгү кырдаалды эске алып, депутаттарды ынтымакта, жеке кызыкчылык үчүн эмес, эл, мамлекет үчүн иштөөгө чакырды.
Президент Садыр Жапаров 11-мартта Жогорку Кеңешке барып, бир катар жаңы дайындалган министрлердин ант берүүсүнө катышты. Акыркы убактардагы ташталган кадамдары, өлкөнүн саясий-экономикалык абалы, коррупцияга каршы күрөш жана башка маселелер боюнча маалымат берип, депутаттардын суроолоруна жооп берүүдө. (ZKo)