Алмасбек Абытов Жогорку Кеңештин аппаратын жетектейт
Президенттин Жогорку Кеңештеги мурдагы өкүлү Алмасбек Абытов парламенттин аппарат жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу тескемеге Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев 23-февралда кол койду.
Абытов мурдагы кызматынан 13-февралда алынып, ордуна Бектур Зулпиев дайындалган. Абытов “Азаттыкка” ден соолугуна байланыштуу кызматтан өз каалоосу менен кеткенин билдирген.
59 жаштагы Алмасбек Абытов 2019-жылдан бери өкмөттүн, кийин президент менен аткаруу бийлигинин парламенттеги өкүлү болуп иштеп келаткан.
Жогорку Кеңештин мурдагы аппарат башчысы Кутман Турсункулов бул кызматка былтыр 19-декабрда дайындалган.
12-февралда Нурланбек Тургунбек уулу Жогорку Кеңештин төрагасы кызматын тапшырып, анын ордуна Марлен Маматалиев шайланган. Андан бери парламенттин аппаратында бир канча кадрдык өзгөрүүлөр болууда.
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси болуп Жайнак Үсөн дайындалган. Ал буга чейин Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын, НТС телеканалынын директору болуп иштеген.