Өзгөндө аламан улак көргөнү барган бир адам машинасы менен кырсыктады
Ош облусунун Өзгөн районундагы Төрт-Көл айылында аламан улак тартышты көргөнү барган бир адам кырсыктады.
Облустук милициядан кабарлашкандай, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 2000-жылы туулган тургуну А.А. оюн көргөнү баратып машинасын башкара албай жол жээгиндеги жарга түшүп кеткен.
“Окуя болгон жерге тез жардам кызматы келип, биринчи медициналык жардам көрсөтүлдү. Каза болгондор жок. Учурда кырсыктын бардык жагдайлары такталып, тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлүүдө”,-деп жазылган маалыматта
Мунун алдында машинасы менен улак көргөнү дөңгө чыккан, бирок тайгаланып келип жол четиндеги машиналарга урулган видео дагы тараган. Айдоочу оор абалда ооруканага жеткирилгени тууралуу маалыматтар чыккан.
Өзгөндө белгилүү улакчы Манас Ниязов уулдарына той берип, улак тартыш оюнун уюштуруп жатканы, байгеге машина коюлганы айтылган.
Оюн маалында бир улакчы аты менен сууга түшүп кетип, мерт болду. Милиция тергөөгө чейинки териштирүү башталганын билдирди.