АКШнын Түштүк жана Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Кыргызстанга келет
АКШнын Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча атайын өкүлү, элчи Сержио Гор кыргыз тараптын чакыруусу менен Кыргызстанга келет. Анын сапары 3-февралдан 6-февралга чейин болот.
Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов маалымдагандай, сапар алкагында Сержио Гор президент Садыр Жапаров менен жолугушат.
Мындан тышкары атайын өкүл 4-5-февраль күндөрү Бишкек шаарында өтө турган "Борбор Азия менен АКШнын экономикалык кызматташтыкка көмөктөшүү" темасындагы "B5+1" экинчи диалог форумуна катышат.
Былтыр ноябрь айында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Вашингтондо өткөн "С5+1" форматындагы мамлекет башчыларынын жыйынына катышкан.(ZKo)