Швейцарияда курорттогу өрт бир нече кишинин өмүрүн алды
Швейцариянын түштүк-батышында жайгашкан Кран-Монтана чаңгы курортундагы барда чыккан өрт бир нече кишинин өмүрүн алып, дагы бир нечеси жабыркады.
Швейцариянын полициясы алгач жарылуу тууралуу кабарлап, бирок кийин өрттүн себеби белгисиз деген маалымат таратты.
Жергиликтүү маалымат каражаттары өрт пиротехникадан улам чыккан болушу ыктымалдыгын жазды, бул маалымат бышыкталган жок. Өрт 1-январга караган түнү, жергиликтүү убакыт боюнча саат 1:30да «Le Constellation» барында чыккан.
Бийлик окуяны теракт деп эсептебейт.
Швейцариялык Blick басылмасы жазгандай, окуя болгон учурда барда 100дөй киши болгон.
Канча киши каза тапканы тууралуу так маалымат айтыла элек.
Би-би-синин суроосуна полиция өкүлү: "Азыр айта албайбыз, бир нече киши", - деп жооп берди.
Британиялык Sky News телеканалы кеминде он киши өлгөнүн полицияга таянып кабарлады. Окуя катталган бар 40 жылдан бери иштеп келгени маалымдалды.