Добавить новость
World News





160*600

Новости сегодня на DirectAdvert

Новости сегодня от Adwile

Актуальные новости сегодня от ValueImpression.com


Опубликовать свою новость бесплатно - сейчас


"Жүк ара жолдо калды". Орусияга товар ташыган айдоочулар УКМКга кайрылды

Кыргызстандан Орусияга оор жүк ташуучу унаа менен күндөлүк керектелүүчү товар ташыган айдоочулар аларды жөнөткөн компанияга нааразылыгын билдирип, 27-сентябрда Кант шаарында кеңсесинин алдына чогулду. 9-сентябрдан бери Казакстандын Орал шаарында казак-орус чек арасынан өтө албай турганын айткандар айласы кетип, унаасын таштап Кыргызстанга кайтууга мажбур болгонун билдиришти. Алар компаниядан күнүмдүк чыгымдарын жабууну жана товарын машинасынан түшүрүп алууну талап кылууда.
Кытайдан келген товарларды жүктөп берген компания ээлери өкмөт аралык сүйлөшүүлөр жыйынтыкталса чек арадан өтүү кайра мурдагы калыбына келерин билдирип, жүк ташуучуларды сабырдуулукка чакырууда.
Ташып бараткан жүгү ара жолдо калганын айткан айдоочулар жардам сурап Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) арыз жазганын билдиришти.

Жыйырмадан ашык айдоочу 27-сентябрда Чүйдүн Кант шаарында жайгашкан Д2 жүк жиберүүчү компаниясынын кеңсесинин алдына чогулду. 4-сентябрдан 10-сентябрга чейин ушул жерден жүк алып, Орусияга жөнөгөндөр казак-орус чек арасынан өтө албай турганына нааразы.

Нурбек Ибраев 3-сентябрда ушул компаниядан күндөлүк керектелүүчү товар жүктөп, Кыргызстандан 4-сентябрда жолго чыккан. 9-сентябрдын түнү Казакстандын Орал шаарына жеткенде компаниянын өкүлдөрү телефон чалып, казак-орус чек арасынан өтпөй туруусу керек экенин билдирген. Ошондон бери Нурбек жана андан башка миңдеген оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары орус чек арасына 30-40 чакырым жетпей кармалып калган. Айласы кеткенде Нурбек жана андан башка ондогон айдоочулар уунасын жүгү менен кошо Казакстанда калтырып, үйүнө кайтып келе берген.
"10-сентябрга электрондук кезекке туруп койгом. 9-сентябрдын кечинде барганыбызда чек арадан азыр өтө албасыбыз айтылып, ошо бойдон ушу күнгө чейин турабыз. Айла калбай калганда 10 күн жатып, учакка билет алып, ушу жерге кайра кайтып келдик өзүбүз. Бизге товар жүктөгөндөр же байланышка чыкпайт, же жооп бербейт, же жол көрсөтүшпөйт, жөн эле жок болуп кетишти. Азыр бизге товарга документ жасап берип, кайра артка кайтып келгенге шарт түзүп, келгенибизде товарды түшүрүп калгыла деп айтып жатабыз. Ал жерде азыр 3 миңден ашык машине турат. Арасында Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан да бар",-деди айдоочу.
Ушул эле кампадан товар жүктөгөндөрдүн катарында Юрий Котов да бар. Ал жүктү 13-сентябрда алганы менен чек арадан өтүүгө мүмкүн болбогондуктан жолго чыкпай калган. 14 күндөн бери товар унаасына жүктөлгөн бойдон турат:
"Азыр логисттер телефон чалсак жооп бербей жатышат. Биз товарыңарды алып калгыла, башка жумуш кылалы дейли десек да уга турган киши жок. Биз минтип жөн турганча 5-10 миң сом таап, жан бакканыбыз жакшы да. Бул жерге келсек, силерге товарды ким жүктөп берсе, ошолорго айткыла деп, бири-бири менен байланышы жок болуп жатат. Дагы жакшы, жолго чыгып кетпегеним абийир болуптур".
Кампанын жанына чогулган айдоочулар менен өзүн Д2 деп аталган Кытай компаниясынын Кыргызстандагы өкүлүбүз деп тааныштырган эки адам жолугуп, бир аз чыдап турууга чакырышты. Алардын айтымында, Кыргызстан аркылуу чыккан күндөлүк керектелүүчү товарлардын бардыгына компания тийиштүү документ жасап берет. Бирок азыр Орусия башка да документтерди талап кылып, текшерүү күчөгөндүктөн чек арадан өтүү кыйынчылык жаратууда.
"Маселе орус тарап мурда келишимге кирбеген документтерди талап кылып жатканына байланыштуу болууда. Азыр биздин товар талаптарга жооп берет, баарынын зарыл документтери бар. Чек арада айдоочулары токтоп тургандар жалгыз биз эмеспиз, казак, өзбек тараптан барган айдоочулардын да баары өтпөй ошо жерде турушат. Биз азыр чечимди күтүп жатабыз, мамлекеттик деңгээлде сүйлөшүүлөр жүрүп жатканына эки күн болгону айтылды. Бул маселе Орусия жооп бергенде чечилет", - деди компаниянын өзүн Данияр деп тааныштырган өкүлү.

Компаниянын дагы бир өкүлү, Рысбек аттуу жаран товарга талап кылынган тийиштүү документтер маселе жаратпай турганын, атүгүл арасында Кыргызстанда тигилген кийим-кече да жоктугун, эгер болсо дароо алынып жатканын айдоочуларга айтты:
"Биз эмес, мамлекет өзү сүйлөшүүдө. Биз эми күтөбүз, айла жок башка. Казакстандын жолунда турган машинелерге күткөнү үчүн суткасына 5 миң сомдон беребиз деп жатабыз. Маселе биздин жүктө эмес. Казакстандан да, Өзбекстандан да турушат. Атүгүл Дордойдон чыккан кийим-кечени да киргизе албай жатышат. Биз бул унааларды артка кайтарууга да уруксат бере албайбыз, андагы товарды кое турган кампа жок, анын баарын батыруу кыйын".
Ар бир күнүнө убада кылынган 5 миң сомду компания жүк Москвага жеткенден кийин гана бере турганы айдоочулардын нааразылыгын жаратты. Алар башка айласы жоктугун айтып, 27-сентябрда Кант шаарында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) арыз жазганын билдиришти. Бул орган айдоочулардан арыз түшкөнү тууралуу маалымат бере элек.

Түзүлгөн абал боюнча кыргыз бийлигинен азырынча эч кандай комментарий жок.
Оор жүк ташуучу унаалар казак-орус чек арасынын Сырым-Маштаково деп аталган көзөмөл-өткөрмө аймагынын Казакстан тарабында топтолуп турушат. Ал жерде узун кезек пайда болгонун Казакстандын транспорт министрлиги 21-сентябрда тастыктап, бул Орусия тараптын текшерүү иштерин күчөтүп жатканынан улам болгонун белгилеген. Маалыматты министрлик өзүнүн расмий сайтына жарыялаган.

"Чек ара кызматынын жана Транспорт министрлигинин адистери казак-орус чек арасында жайгашкан текшерип өткөрүү пункттарына барып, абал менен таанышты. Орусияга бараткан нейтралдуу жерде унаалардын топтолуп калганы, өзгөчө оор жүк ташуучу машиналар көп экени аныкталды. Бул кезектин көбөйүшүнө, өткөрүү процедураларынын жайлашына алып келген. Жагдай негизинен Орусия тараптан көзөмөл чараларынын күчөтүлүшүнө байланыштуу. Атап айтканда, жүктү текшерүү тартиби күчөтүлдү, транспорт каражаттарын кароо убактысы узартылды, ошондой эле документтерди текшерүү жана санитардык-фитосанитардык талаптардын сакталышын көзөмөлдөө боюнча кошумча чаралар киргизилди",-деп айтылат казак министрлигинин сайтында жазылган маалыматта.

Орусиянын Федералдык бажы кызматы 24-сентябрда бир катар орусиялык медиага казак-орус чек арасындагы узун кезек тууралуу маалымат берген. Анда контрабандалык товарды Казакстан аркылуу Орусияга ташыган жүк ташуучулар чек арадан өтүүдөн кооптонуп, мындан улам узун кезек жаралганы белгиленген.

"Азыркы учурда өткөрүү пункттарында тыгын Орусиянын тышкы экономикалык ишмердүүлүгүнүн айрым абийирсиз катышуучуларынын айынан жаралууда. Алар ташуучуга жолго чыкпа деп көрсөтмө берип жатышат, анткени күчөтүлгөн көзөмөл маалында алардын "көмүскө" импорт же контрабанда менен алектенгени билинип калышы мүмкүн деп коркуп жатышат",-деп жазылган маалыматта.
Федералдык бажы кызматы учурда Казакстан тарап кошумча текшерүү иш-чараларын жүргүзүп жаткандыгына байланыштуу Орусиядан Казакстанга чыгуучу багытта да унаалардын топтолушу байкаларын, ал эми Орусияга кирүүчү багытта тыгын жок деп билдирген.

"Орусиянын бажычылары товарларды мыйзамдарга ылайык, текшерип, тандалма текшерүүлөрдү да жүргүзүп жатат. Бажы органдарынын мобилдик топтору чек арага жакын аймактарда көзөмөл жүргүзүүгө укуктуу болгондуктан комплекстүү системалык чаралар кабыл алынган. Көзөмөл жүргүзүүдө өзгөрүүлөр киргизилген эмес. Эгер ташуучунун бардык документтери талапка ылайык болсо, чек арадан өтүүдө эч кандай кыйынчылык же тоскоолдук жаралбайт, текшерүү орточо эсеп менен 8 мүнөттүн ичинде жүргүзүлөт", - деп мекемеден билдиришкен.

2010-жылы Орусия, Беларус жана Казакстандын катышуусу менен түзүлгөн Бажы биримдиги 2015-жылы Евразия экономикалык биримдиги болуп өзгөрүп, ага Армения жана Кыргызстан кошулган. Ошол кезде Кыргызстан уюмга мүчө болушун мигранттарга эркиндик берилиши жана уюмга мүчө өлкөлөр ортосунда товар жүгүртүү тоскоолдуксуз ишке ашарына байланыштырган эле. Бирок кыргыз тарап чек арадан жүк алып өтүүдө улам-улам тоскоолдуктарга кабылганын айтып келет.



Загрузка...

Читайте на сайте

Другие проекты от 123ru.net








































Другие популярные новости дня сегодня


123ru.net — быстрее, чем Я..., самые свежие и актуальные новости Вашего города — каждый день, каждый час с ежеминутным обновлением! Мгновенная публикация на языке оригинала, без модерации и без купюр в разделе Пользователи сайта 123ru.net.

Как добавить свои новости в наши трансляции? Очень просто. Достаточно отправить заявку на наш электронный адрес mail@29ru.net с указанием адреса Вашей ленты новостей в формате RSS или подать заявку на включение Вашего сайта в наш каталог через форму. После модерации заявки в течении 24 часов Ваша лента новостей начнёт транслироваться в разделе Вашего города. Все новости в нашей ленте новостей отсортированы поминутно по времени публикации, которое указано напротив каждой новости справа также как и прямая ссылка на источник информации. Если у Вас есть интересные фото Вашего города или других населённых пунктов Вашего региона мы также готовы опубликовать их в разделе Вашего города в нашем каталоге региональных сайтов, который на сегодняшний день является самым большим региональным ресурсом, охватывающим все города не только России и Украины, но ещё и Белоруссии и Абхазии. Прислать фото можно здесь. Оперативно разместить свою новость в Вашем городе можно самостоятельно через форму.



Новости 24/7 Все города России




Загрузка...


Топ 10 новостей последнего часа






Персональные новости

123ru.net — ежедневник главных новостей Вашего города и Вашего региона. 123ru.net - новости в деталях, свежий, незамыленный образ событий дня, аналитика минувших событий, прогнозы на будущее и непредвзятый взгляд на настоящее, как всегда, оперативно, честно, без купюр и цензуры каждый час, семь дней в неделю, 24 часа в сутки. Ещё больше местных городских новостей Вашего города — на порталах News-Life.pro и News24.pro. Полная лента региональных новостей на этот час — здесь. Самые свежие и популярные публикации событий в России и в мире сегодня - в ТОП-100 и на сайте Russia24.pro. С 2017 года проект 123ru.net стал мультиязычным и расширил свою аудиторию в мировом пространстве. Теперь нас читает не только русскоязычная аудитория и жители бывшего СССР, но и весь современный мир. 123ru.net - мир новостей без границ и цензуры в режиме реального времени. Каждую минуту - 123 самые горячие новости из городов и регионов. С нами Вы никогда не пропустите главное. А самым главным во все века остаётся "время" - наше и Ваше (у каждого - оно своё). Время - бесценно! Берегите и цените время. Здесь и сейчас — знакомства на 123ru.net. . Разместить свою новость локально в любом городе (и даже, на любом языке мира) можно ежесекундно (совершенно бесплатно) с мгновенной публикацией (без цензуры и модерации) самостоятельно - здесь.



Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net